# 39-берене. Алдын ала экспертиза жүргүзүү

- Документ: [Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112553)
- Документтеги орду: 9-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 24-мартындагы № 70 "Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 70
- Кабыл алынган күнү: 24.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112553/st-39>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3318/edition/1242857/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112553/st-39.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө, 39-берене (24.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112553/st-39

---

1. Өтүнмө берилген датадан тартып бир айдын ичинде алдын ала экспертиза жүргүзүлөт, анын жүрүшүндө ушул Мыйзамдын 36 жана 37-беренелеринде каралган зарыл документтердин курамы, аларды тариздөөнүн тууралыгы, алымдын төлөнгөндүгү текшерилет.

Алдын ала экспертизанын жыйынтыктары боюнча өтүнмөлөр кароого кабыл алынат же болбосо аларды кароого кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө чечим чыгарылып, өтүнмө ээсине жөнөтүлөт. Алдын ала экспертизанын оң жыйынтыгы жөнүндө чечим менен бир убакта өтүнмө ээсине ушул Мыйзамдын 36-беренесинин 8-бөлүгүнө жана 37-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык белгиленген өтүнмө берилген дата билдирилет.

2. Алдын ала экспертизанын оң жыйынтыгы жөнүндө чечим кабыл алынган учурда, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган географиялык көрсөтмөнү же товар чыгарылган жердин аталышын каттоого өтүнмө жөнүндө маалыматтарды расмий сайтында жарыялайт. Маалыматтардын тизмеги жана аларды жарыялоо тартиби ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.

3. Өтүнмөлөр жарыяланган датадан тартып үч айдын ичинде кандай болбосун жак ушул Мыйзамдын 34-беренесинде белгиленген талаптарга өтүнмөдөгү белгилердин ылайык эместиги тууралуу далилдерди камтыган каршы пикирин жазуу жүзүндө берүүгө укуктуу.

---

Мурунку берене: [38-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112553/st-38)  
Кийинки берене: [40-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112553/st-40)
