# 35-берене. Географиялык көрсөтмөнү жана товар чыгарылган жердин аталышын укуктук коргоо

- Документ: [Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112553)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 24-мартындагы № 70 "Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 70
- Кабыл алынган күнү: 24.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112553/st-35>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3318/edition/1242857/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112553/st-35.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө, 35-берене (24.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112553/st-35

---

1. Кыргыз Республикасында географиялык көрсөтмөнү жана товар чыгарылган жердин аталышын укуктук коргоо ушул Мыйзамда же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде белгиленген тартипте каттоонун негизинде келип чыгат.

2. Эгерде белги ушул Мыйзамдын 34-беренесинин талаптарына ылайык келген шартта товар чыгарылган өлкөдө географиялык көрсөтмө же товарды жекелештирүүнүн башка каражаты катары корголсо, чет өлкөлөрдө турган, географиялык объектинин аймагында чыгарылган товарды идентификациялоого мүмкүндүк берүүчү белгини географиялык көрсөтмө катары каттоого жол берилет.

3. Эгерде географиялык объектинин аталышы товар чыгарылган өлкөдө товар чыгарылган жердин аталышы катары корголсо, чет өлкөлөрдө турган бул географиялык объектинин аталышын товар чыгарылган жердин аталышы катары каттоого жол берилет.

4. Географиялык көрсөтмө же товар чыгарылган жердин аталышы мүчөлөрү ассоциациянын (бирликтин) уставынын негизинде аракеттенген жана өтүнмөдө көрсөтүлгөн товарларга карата өндүрүштүк ишти жүзөгө ашырган ассоциация (бирлик) (мындан ары - өтүнмө ээси) тарабынан катталышы мүмкүн.

5. Географиялык көрсөтмөнү же товар чыгарылган жердин аталышын каттаган жактар, эгерде ал жактар тарабынан өндүрүлгөн товар ушул Мыйзамдын 34-беренесинде белгиленген талаптарга жооп берсе, аларды пайдалануу укугун алышат.

6. Белгиленген тартипте катталган географиялык көрсөтмөнү же товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугу, ушул берененин 5-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жактар тарабынан товардын касиеттери жана мүнөздөмөлөрү ырасталган шартта, кийин ошол эле касиеттер жана мүнөздөмөлөр менен товарды чыгарган жана ошол эле географиялык объектиде турган кандай болбосун юридикалык же жеке жакка берилиши мүмкүн. Касиеттерди жана мүнөздөмөлөрдү ырастоо тартиби Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

---

Мурунку берене: [34-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112553/st-34)  
Кийинки берене: [36-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112553/st-36)
