# 34-берене. Географиялык көрсөтмө жана товар чыгарылган жердин аталышы

- Документ: [Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112553)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 24-мартындагы № 70 "Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 70
- Кабыл алынган күнү: 24.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112553/st-34>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3318/edition/1242857/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112553/st-34.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө, 34-берене (24.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112553/st-34

---

1. Укуктук коргоо берилип жаткан географиялык көрсөтмө болуп товардын белгилүү бир сапаты, баркы жана башка мүнөздөмөлөрү анын келип чыккан географиялык орду менен олуттуу деңгээлде байланышкан өлкөнүн аймагынан же болбосо ошол аймактын регионунан же бир жеринен келип чыккан катары товарды идентификациялаган белги саналат. Бул географиялык объектинин аймагында товардын мүнөздөмөлөрүн түзүүгө олуттуу таасирин тийгизүүчү товарды өндүрүү баскычтарынын жок дегенде бирөөсү жүзөгө ашырылууга тийиш.

2. Укуктук коргоо берилип жаткан товар чыгарылган жердин аталышы болуп өлкөнүн, шаардын же айыл жергесинин, жердин же башка географиялык объектинин заманбап же тарыхый, расмий же расмий эмес, толук же кыскартылган аталышын билдирген, мындай аталышты же мындай аталыштан келип чыккан аталышты камтыган жана өзгөчө касиеттери ушул географиялык объект үчүн мүнөздүү жаратылыш шарттары жана (же) адам факторлору менен гана аныкталуучу товарга карата аны пайдалануунун натыйжасында белгилүү болгон белги саналат. Бул географиялык объектинин аймагында товардын өзгөчө касиеттерин жаратууга олуттуу таасирин тийгизүүчү товарды өндүрүүнүн бардык баскычтары жүзөгө ашырылууга тийиш.

3. Товар өндүрүүнүн баскычтары жана чектери, ошондой эле товардын мүнөздөмөлөрү же белгилөө үчүн географиялык көрсөтмө же товар чыгарылган жердин аталышы пайдаланылган товардын өзгөчө касиеттери ушул Мыйзамда белгиленген талаптарга ылайык келүүгө тийиш.

4. Географиялык көрсөтмө же товар чыгарылган жердин аталышы катары төмөнкүдөй белгилерди каттоого жол берилбейт:

1) анын чектеринде товар алгач өндүрүлгөн же жарандык жүгүртүүгө киргизилген географиялык объектинин аталышына тиешелүү болгон, бирок Кыргыз Республикасында анын өндүрүлгөн жерине байланышпаган, белгилүү бир түрдөгү товардын белгиси катары жалпы керектөөгө кирген белги болуп калган;

2) товардын ошол эле түрүнө карата географиялык көрсөтмө же товар чыгарылган жердин аталышы катары катталган;

3) эгерде мындай географиялык көрсөтмөнү же мындай товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу керектөөчүнү товар же анын даярдоочусу тууралуу жаңылышууга алып келүүгө жөндөмдүү болсо, кыйла мурда артыкчылыкка ээ болгон товардык белги менен бирдей же окшош;

4) эгерде мындай географиялык көрсөтмөнү же мындай товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу керектөөчүнү товар тууралуу жаңылышууга алып келүүгө жөндөмдүү болсо, өсүмдүктүн сортунун же жаныбардын тукумунун аталышын билдирген;

5) керектөөчүнү товар же анын даярдоочусу тууралуу жаңылышууга алып келүүгө жөндөмдүү;

6) ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө каралган талаптарга ылайык келбеген товарга карата географиялык көрсөтмө же товар чыгарылган жердин аталышы катары каттоого өтүнмө берилген.

---

Мурунку берене: [33-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112553/st-33)  
Кийинки берене: [35-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112553/st-35)
