# 33-берене. Товардык белгини укуктук коргоону токтотуу

- Документ: [Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112553)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 24-мартындагы № 70 "Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 70
- Кабыл алынган күнү: 24.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112553/st-33>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3318/edition/1242857/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112553/st-33.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө, 33-берене (24.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112553/st-33

---

1. Товардык белгини укуктук коргоо төмөнкү учурларда токтотулат:

1) ушул Мыйзамдын 19-беренесинде каралган аны каттоону колдонуу мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу;

2) ушул Мыйзамдын 25-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык кандай болбосун жактын арызы боюнча кабыл алынган товарларга жамааттык белгини пайдалануу себеби боюнча аны колдонууну мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө соттун чечиминин негизинде;

3) ушул Мыйзамдын 26-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык товардык белгини пайдаланбоо себеби боюнча аны колдонууну мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө соттун чечиминин негизинде;

4) юридикалык жак - товардык белгинин укук ээси жоюлган (ишин токтоткон) же жеке жак - товардык белгинин укук ээси каза болгон учурда, анын укук улантуучусу жок болгондо, кандай болбосун жактын арызы боюнча анын колдонулушун мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө соттун чечиминин негизинде;

5) товардык белги белгилүү бир түрдөгү товарлардын белгиси катары жалпы керектөөгө кирген белгиге айланган учурда, кандай болбосун жактын арызы боюнча кабыл алынып, мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечиминин негизинде;

6) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берген арызынын негизинде товардык белгинин укук ээси андан баш тарткан учурда;

7) соттун чечиминин негизинде, эгерде аны менен чаташтыруу деңгээлине чейин окшош болгон товардык белгиге же белгиге укуктук коргоо берүү менен байланышкан укук ээсинин аракеттери белгиленген тартипте укукту кыянаттык менен пайдалануу же болбосо ак ниетсиз атаандаштык деп таанылган болсо.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1, 4 жана 6-пункттарына ылайык өзүнүн колдонулушун токтоткон товардык белги колдонуу токтотулган датадан тартып бир жылдын ичинде жаңы жактын атына катталышы мүмкүн эмес.

3. Жалпыга белгилүү товардык белгини укуктук коргоо ушул берененин 1-бөлүгүнүн 3-7-пункттарында каралган негиздер боюнча, ошондой эле ушул Мыйзамдын 23-беренесинин 1-бөлүгүндө белгиленген белгилерди жалпыга белгилүү товардык белги жоготкон учурда, Апелляциялык кеңештин чечими боюнча токтотулат.

4. Товардык белгини укуктук коргоону токтотуу бул товардык белгиге өзгөчө укуктун токтотулгандыгын билдирет.

5. Товардык белгиге укуктук коргоо берүүнү жараксыз деп таанылгандыгына же товардык белгиге укуктук коргоонун токтотулгандыгына байланыштуу, товардык белгини каттоо ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жокко чыгарылат.

---

Мурунку берене: [32-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112553/st-32)  
Кийинки берене: [34-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112553/st-34)
