# 32-берене. Товардык белгинин катталышын жараксыз деп таануу

- Документ: [Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112553)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 24-мартындагы № 70 "Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 70
- Кабыл алынган күнү: 24.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112553/st-32>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3318/edition/1242857/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112553/st-32.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө, 32-берене (24.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112553/st-32

---

1. Товардык белгини каттоо товарлардын баарына же бир бөлүгүнө карата төмөнкү учурларда жараксыз деп таанылат:

1) эгерде ал ушул Мыйзамдын 9-беренесинде белгиленген талаптарды бузуу менен жүргүзүлгөн болсо, ал колдонула турган бардык мөөнөт ичинде;

2) ушул Мыйзамдын 10-беренесинде белгиленген негиздер боюнча расмий бюллетенде товардык белгини каттоо жөнүндө маалыматтар жарыяланган датадан тартып беш жыл ичинде.

2. Кандай болбосун жак ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган мөөнөттөрдө каттоонун жараксыздыгын таануу жөнүндө талапты (мындан ары - товардык белгини каттоого каршы пикир) Апелляциялык кеңешке бере алат. Товардык белгини каттоого каршы пикир ал келип түшкөн датадан тартып үч айдын ичинде каралууга тийиш.

3. Апелляциялык кеңештин чечими өтүнмө ээси тарабынан аны алган күндөн тартып үч айдын ичинде сотко даттанылышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [31-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112553/st-31)  
Кийинки берене: [33-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112553/st-33)
