# 31-берене. Товардык белгиге өзгөчө укукту тескөө жөнүндө келишимдерди каттоо

- Документ: [Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112553)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 24-мартындагы № 70 "Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 70
- Кабыл алынган күнү: 24.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112553/st-31>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3318/edition/1242857/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112553/st-31.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө, 31-берене (24.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112553/st-31

---

1. Товардык белгиге өзгөчө укукту тескөө алар аркылуу жүзөгө ашырылган товардык белгиге өзгөчө укукту өткөрүп берүү жөнүндө келишим, лицензиялык келишим, күрөө келишими, комплекстүү ишкердик лицензия келишими тиешелүү алымды төлөө менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда катталууга тийиш.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн келишимдерди каттоонун жоктугу алардын жараксыздыгына алып келет.

3. Өзгөчө укуктарды пайдаланууга укук берүү жөнүндө келишимдин (лицензиялык келишим же комплекстүү ишкердик лицензия келишими), товардык белгиге өзгөчө укуктун күрөөсү жөнүндө келишимдин тарабы (тараптары) Министрлер Кабинети белгилеген тартипте мындай келишимдерди өзгөртүү же колдонулушун токтотуу жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кабарлоого милдеттүү.

---

Мурунку берене: [30-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112553/st-30)  
Кийинки берене: [32-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112553/st-32)
