31-берене. Товардык белгиге өзгөчө укукту тескөө жөнүндө келишимдерди каттоо
Күчүндө · 24.03.2023 редакциясы · 6-глава
1. Товардык белгиге өзгөчө укукту тескөө алар аркылуу жүзөгө ашырылган товардык белгиге өзгөчө укукту өткөрүп берүү жөнүндө келишим, лицензиялык келишим, күрөө келишими, комплекстүү ишкердик лицензия келишими тиешелүү алымды төлөө менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда катталууга тийиш.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн келишимдерди каттоонун жоктугу алардын жараксыздыгына алып келет.
3. Өзгөчө укуктарды пайдаланууга укук берүү жөнүндө келишимдин (лицензиялык келишим же комплекстүү ишкердик лицензия келишими), товардык белгиге өзгөчө укуктун күрөөсү жөнүндө келишимдин тарабы (тараптары) Министрлер Кабинети белгилеген тартипте мындай келишимдерди өзгөртүү же колдонулушун токтотуу жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кабарлоого милдеттүү.
Берененин тексти 24.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
31-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112553/st-31" title="31-берене - Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>