# 30-берене. Товардык белгини пайдалануу укугун берүү жөнүндө келишимдер

- Документ: [Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112553)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 24-мартындагы № 70 "Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 70
- Кабыл алынган күнү: 24.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112553/st-30>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3318/edition/1242857/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112553/st-30.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө, 30-берене (24.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112553/st-30

---

1. Товардык белгини пайдаланууга укук товардык белгинин укук ээси тарабынан белги катталган бир товарга, бир нече же бардык товарларга карата лицензиялык келишим жана/же комплекстүү ишкердик лицензия келишими боюнча үчүнчү жактарга берилиши мүмкүн.

2. Товардык белгини пайдалануу укугун берүү жөнүндө келишим (лицензиялык келишим же комплекстүү ишкердик лицензия келишими) боюнча лицензиат келишим боюнча берилген товардык белгини салган, ал өндүрүп же сатып жаткан товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатынын лицензиар тарабынан белгиленген сапатка коюлган талаптарга ылайык келүүсүн камсыздоого милдеттүү. Лицензиар бул шарттын сакталышына контроль жүргүзүүгө укуктуу.

Товарларды даярдоочу катары лицензиатка коюлган талаптар боюнча лицензиат жана лицензиар бирдей жоопкерчиликте болушат.

3. Лицензиялык келишим же товардык белгини пайдалануу укугун берүү жөнүндө комплекстүү ишкердик лицензия келишими Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган шарттар менен катар, товардык белгини пайдалануу укугу бериле турган товарлардын тизмегин да камтууга тийиш.

4. Кыргыз Республикасынын аймагында укуктук коргоо берилген географиялык көрсөтмөнү жана/же товар чыгарылган жердин аталышын корголбогон элемент катары камтыган товардык белгини пайдаланууга укук берүүгө лицензиатта мындай көрсөтмөнү же аталышты пайдалануу укугу бар болгондо гана жол берилет.

---

Мурунку берене: [29-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112553/st-29)  
Кийинки берене: [31-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112553/st-31)
