# 3-берене. Интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган

- Документ: [Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112553)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 24-мартындагы № 70 "Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 70
- Кабыл алынган күнү: 24.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112553/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3318/edition/1242857/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112553/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө, 3-берене (24.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112553/st-3

---

1. Интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) ушул Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасында товардык белгилерге, тейлөө белгилерине, географиялык көрсөтмөлөргө жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштарына укуктук коргоо берүү жаатындагы бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүзөгө ашырат, товардык белгилерди жана тейлөө белгилерин каттоого өтүнмөлөрдү, ошондой эле географиялык көрсөтмөнү жана товарлар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугун каттоого жана берүүгө өтүнмөлөрдү кароого кабыл алат, аларга экспертиза жүргүзөт, аларды мамлекеттик каттоону жүзөгө ашырат, күбөлүктөрдү берет, расмий маалыматтарды жарыялайт, товардык белгилерге, тейлөө белгилерине, географиялык көрсөтмөлөргө жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштарына тиешелүү башка функцияларды аткарат.

2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдында товардык белгини, тейлөө белгисин, географиялык көрсөтмөнү жана товар чыгарылган жердин аталышын коргоо жөндөмдүүлүгү маселелери боюнча талаш-тартыштарды кароо боюнча милдеттүү баштапкы орган болуп саналган Апелляциялык кеңеш (мындан ары - Апелляциялык кеңеш) түзүлөт. Апелляциялык кеңештин каршы пикирлерди кароо тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

---

Мурунку берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112553/st-2)  
Кийинки берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112553/st-4)
