# 29-берене. Товардык белгиге өзгөчө укуктарды өткөрүп берүү (ажыратуу) жөнүндө келишимдер жана күрөө келишими

- Документ: [Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112553)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 24-мартындагы № 70 "Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 70
- Кабыл алынган күнү: 24.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112553/st-29>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3318/edition/1242857/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112553/st-29.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө, 29-берене (24.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112553/st-29

---

1. Товардык белгиге өзгөчө укукту өткөрүп берүү (ажыратуу) жөнүндө келишим (сатып алуу-сатуу же укуктарды башкача өткөрүп берүү) боюнча бир тарап (укук ээси) ага таандык болгон, ал жекелештирүү үчүн катталган бардык товарларга карата же товарлардын бөлүгүнө карата тиешелүү товардык белгиге өзгөчө укукту толук көлөмдө экинчи тарапка - өзгөчө укукту алуучуга өткөрүп берет же өткөрүп берүүгө милдеттенет.

2. Товарлардын бөлүгүнө карата товардык белгиге өзгөчө укук ажыратылган учурда, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан өзгөчө укукту алуучуга товардык белгинин күбөлүгү берилет.

3. Кыргыз Республикасынын аймагында укуктук коргоо берилген, корголбогон элемент катары географиялык көрсөтмө жана/же товар чыгарылган жердин аталышы камтылган товардык белгини ажыратууга алуучуда мындай көрсөтмөнү же аталышты пайдалануу укугу бар болгондо гана жол берилет.

4. Эгерде ажыратуу керектөөчүнүн товар, анын сапаты жана даярдоочу тууралуу жаңылышуусуна себеп боло алса, келишим боюнча товардык белгини ажыратууга жол берилбейт.

5. Товардык белгиге өзгөчө укуктун күрөөсү жөнүндө келишим түзүлгөн учурда, товардык белгинин укук ээси бул келишимдин колдонуу мөөнөтүнүн ичинде өзүнүн товардык белгисин пайдаланууга жана эгерде келишимде башкача каралбаса, күрөө кармоочунун макулдугусуз ага болгон өзгөчө укукту тескөөгө укуктуу.

---

Мурунку берене: [28-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112553/st-28)  
Кийинки берене: [30-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112553/st-30)
