# 28-берене. Товардык белгиге өзгөчө укуктарды тескөөнүн жалпы шарттары

- Документ: [Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112553)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 24-мартындагы № 70 "Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 70
- Кабыл алынган күнү: 24.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112553/st-28>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3318/edition/1242857/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112553/st-28.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө, 28-берене (24.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112553/st-28

---

1. Укук ээси товардык белгиге өзгөчө укукту тескөө укугуна ээ.

2. Товардык белгиге өзгөчө укук товардык белгиге укуктарды пайдаланууга укукту өткөрүп берүүнүн (ажыратуунун) же укукту берүүнүн, ошондой эле күрөөнүн объектиси боло алат.

3. Товардык белгиге өзгөчө укук универсалдуу укук мураскорлугу тартибинде жана/же укук ээсинин мүлкүн өндүрүп алууда өтүү объектиси боло алат.

4. Жамааттык белгиге укук ажыратылбайт жана аны пайдаланууга укук бериле турган лицензиялык келишимдин же башка келишимдин предмети боло албайт.

5. Ушул Мыйзамда каралган өзгөчө укуктарды пайдаланууга укуктарды өткөрүп берүү же берүү жөнүндө келишимдер жазуу жүзүндө түзүлүүгө тийиш.

---

Мурунку берене: [27-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112553/st-27)  
Кийинки берене: [29-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112553/st-29)
