# 25-берене. Жамааттык белгиге экспертиза жүргүзүү жана каттоо

- Документ: [Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112553)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 24-мартындагы № 70 "Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 70
- Кабыл алынган күнү: 24.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112553/st-25>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3318/edition/1242857/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112553/st-25.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө, 25-берене (24.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112553/st-25

---

1. Жамааттык белгиге экспертиза жана каттоо жамааттык белгилер болуп саналбаган товардык белгилерге экспертиза жүргүзүү жана каттоо жөнүндө ушул Мыйзамдын жоболоруна ылайык ушул берененин 2-бөлүгүн эске алуу менен жүргүзүлөт.

2. Жамааттык белгини каттоого берилген өтүнмөгө бул белгини пайдалануу укугуна ээ юридикалык жактардын аталышы, тизмеги жөнүндө маалыматтарды, аны каттоонун максатын, жамааттык белги менен белгиленүүчү товарлардын тизмегин, аны пайдалануунун шарттарын, аны пайдаланууну контролдоо тартибин камтыган жамааттык белгинин уставы тиркелет.

3. Товардык белгилердин реестрине жана товардык белгинин күбөлүгүнө жамааттык белгини пайдалануу укугуна ээ юридикалык жактар жөнүндө маалыматтар, уставга жана анын датасына шилтеме киргизилет. Бул маалыматтар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий бюллетенине жарыяланат. Жамааттык белгинин укук ээси ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жамааттык белгинин уставындагы өзгөртүүлөр жөнүндө кабарлайт.

4. Уставда билдирилген жоболорду бузуу менен товарларга жамааттык белги пайдаланылган учурда, каттоонун күчү кандай болбосун жактын арызы боюнча кабыл алынган соттун чечиминин негизинде мөөнөтүнөн мурда толугу менен же жарым-жартылай токтотулушу мүмкүн.

---

Мурунку берене: [24-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112553/st-24)  
Кийинки берене: [26-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112553/st-26)
