# 24-берене. Жамааттык белги

- Документ: [Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112553)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 24-мартындагы № 70 "Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 70
- Кабыл алынган күнү: 24.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112553/st-24>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3318/edition/1242857/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112553/st-24.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө, 24-берене (24.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112553/st-24

---

1. Жамааттык белги - ассоциациянын же союздун (бирикменин) ушундай бирикмелердин курамына кирген юридикалык жактар тарабынан өндүрүлүүчү жана/же сатылуучу товарларын белгилөө үчүн арналган товардык белгиси.

Жамааттык белги менен белгиленген товарлар жана/же кызмат көрсөтүүлөр алардын сапатынын бирдиктүү мүнөздөмөлөрүнө же башка жалпы мүнөздөмөлөрүнө ээ болууга тийиш. Жамааттык белгини бирикмеге кирген ар бир жак пайдалана алат.

2. Жамааттык белгини каттаган бирикмеге кирген жак жамааттык белги менен катар өзүнүн товардык белгисин пайдаланууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112553/st-23)  
Кийинки берене: [25-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112553/st-25)
