# 23-берене. Жалпыга белгилүү товардык белгиге укуктук коргоо берүү

- Документ: [Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112553)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 24-мартындагы № 70 "Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 70
- Кабыл алынган күнү: 24.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112553/st-23>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3318/edition/1242857/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112553/st-23.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө, 23-берене (24.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112553/st-23

---

1. Жалпыга белгилүү товардык белгиге укуктук коргоо укук ээсинин арызы боюнча кабыл алынган Апелляциялык кеңештин чечиминин жана анын алымды төлөөсүнүн негизинде берилет же токтотулат.

2. Жалпыга белгилүү болуп таанылган товардык белги, алым төлөнгөн шартта, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Кыргыз Республикасынын жалпыга белгилүү товардык белгилеринин мамлекеттик реестрине киргизилет.

3. Жалпыга белгилүү товардык белгиге тиешелүү маалыматтар расмий бюллетенге ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Кыргыз Республикасынын жалпыга белгилүү товардык белгилеринин мамлекеттик реестрине товардык белги киргизилген датадан тартып бир айдын ичинде жарыяланат.

4. Жалпыга белгилүү товардык белгиге күбөлүк берүү расмий бюллетенге жарыяланган датадан тартып бир айдын ичинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт. Күбөлүктүн формасы жана анда көрсөтүлүүчү маалыматтардын курамы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.

---

Мурунку берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112553/st-22)  
Кийинки берене: [24-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112553/st-24)
