# 22-берене. Жалпыга белгилүү товардык белги

- Документ: [Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112553)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 24-мартындагы № 70 "Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 70
- Кабыл алынган күнү: 24.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112553/st-22>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3318/edition/1242857/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112553/st-22.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө, 22-берене (24.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112553/st-22

---

1. Юридикалык же жеке жактын арызы боюнча товардык белгини мамлекеттик каттоонун же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдердин негизинде Кыргыз Республикасынын аймагында корголуучу товардык белги, же болбосо товардык белги катары пайдаланылуучу, бирок Кыргыз Республикасынын аймагында укуктук коргоосу болбогон белги, эгерде мындай товардык белги же бул белги интенсивдүү пайдалануунун натыйжасында арызда көрсөтүлгөн датага карай өтүнмө ээсинин товарларына карата тиешелүү керектөөчүлөрдүн арасында Кыргыз Республикасында кеңири белгилүү болуп калса, Кыргыз Республикасында жалпыга белгилүү товардык белги катары таанылат.

Товардык белгини жалпыга белгилүү товардык белгиге киргизүү критерийлери Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

2. Эгерде товардык белги жана белги башка жактын товардык белгиси менен чаташтыруу деңгээлине чейин бирдей же окшош болгон артыкчылык датасынан кийин кеңири белгилүү болуп калса, алар жалпыга белгилүү товардык белгилер болуп тааныла алышпайт.

3. Жалпыга белгилүү товардык белгиге укуктук коргоо берүү жалпыга белгилүү товардык белгинин укук ээсинин бардык товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө карата ушул Мыйзамдын 8-беренесинде каралган өзгөчө укугун таанууну билдирет.

Жалпыга белгилүү товардык белгини укуктук коргоо мөөнөтсүз күчүндө болот.

---

Мурунку берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112553/st-21)  
Кийинки берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112553/st-23)
