# 21-берене. Чет өлкөлөрдө товардык белгини каттоо

- Документ: [Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112553)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 24-мартындагы № 70 "Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 70
- Кабыл алынган күнү: 24.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112553/st-21>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3318/edition/1242857/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112553/st-21.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө, 21-берене (24.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112553/st-21

---

1. Кыргыз Республикасынын юридикалык жана жеке жактары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык товардык белгини чет өлкөлөрдө каттоого же аны эл аралык каттоодон өткөрүүгө укуктуу.

2. Товардык белгини эл аралык каттоого өтүнмө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аркылуу берилет.

3. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде белгиленген учурларда, өтүнмө ээсинин өтүнүч каты боюнча товардык белгини эл аралык каттоого өтүнмө ага карата Кыргыз Республикасынын аймагында укуктук коргоо суралган товардык белгиге болгон улуттук өтүнмөгө өзгөртүлүшү мүмкүн.

---

Мурунку берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112553/st-20)  
Кийинки берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112553/st-22)
