# 20-берене. Каттоого өзгөртүүлөрдү киргизүү

- Документ: [Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112553)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 24-мартындагы № 70 "Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 70
- Кабыл алынган күнү: 24.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112553/st-20>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3318/edition/1242857/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112553/st-20.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө, 20-берене (24.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112553/st-20

---

1. Товардык белгинин укук ээсинин арызы боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Товардык белгилердин реестрине жана товардык белгиге берилген күбөлүккө товардык белгини каттоо жөнүндө, анын ичинде товардык белгиси катталган товарлардын тизмегин кыскартуу менен байланышкан укук ээси, анын аталышы, аты, турган жери же жашаган жери жөнүндө маалыматтарга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизет.

2. Товардык белгиси катталган товарлардын тизмегин толуктоо зарыл болгон учурда жаңы өтунмөнү тариздөө талап кылынат.

3. Тиешелүү алымдар төлөнгөн шартта, өзгөртүүлөр Товардык белгилердин реестрине жана товардык белгинин күбөлүгүнө киргизилет.

4. Өтүнмө ээсинен башкалардын күнөөсү боюнча кетирилген айкын жана техникалык каталарды оңдоолор ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Товардык белгилердин реестрине жана товардык белгинин күбөлүгүнө алым төлөбөстөн киргизилет.

---

Мурунку берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112553/st-19)  
Кийинки берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112553/st-21)
