# 19-берене. Товардык белгини каттоонун колдонуу мөөнөтү

- Документ: [Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112553)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 24-мартындагы № 70 "Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 70
- Кабыл алынган күнү: 24.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112553/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3318/edition/1242857/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112553/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө, 19-берене (24.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112553/st-19

---

1. Товардык белгини каттоо ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өтүнмө берилген датадан тартып эсептегенде он жыл бою күчүндө болот.

2. Товардык белгини каттоонун колдонуу мөөнөтү, алым төлөнгөн шартта, аны колдонгон акыркы жылдын ичинде берилген укук ээсинин арызы боюнча ар бир жолу он жылга узартылат. Укук ээсинин өтүнүч каты боюнча товардык белгини каттоонун колдонуу мөөнөтүн узартуу үчүн, кошумча алым төлөнгөн шартта, каттоонун колдонуу мөөнөтү аяктагандан кийин алты айлык мөөнөт берилет.

3. Товардык белгини каттоонун колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө жазуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Товардык белгилердин реестрине, товардык белгинин күбөлүгүнө киргизилет жана расмий бюллетенде жарыяланат.

---

Мурунку берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112553/st-18)  
Кийинки берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112553/st-20)
