# 18-берене. Каттоо жөнүндө маалыматтарды жарыялоо жана товардык белгиге күбөлүктү берүү

- Документ: [Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112553)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 24-мартындагы № 70 "Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 70
- Кабыл алынган күнү: 24.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112553/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3318/edition/1242857/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112553/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө, 18-берене (24.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112553/st-18

---

1. Товардык белгини каттоого тиешелүү жана Товардык белгилердин реестрине киргизилген маалыматтар ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан товардык белги катталган датадан тартып же товардык белгини каттоо жөнүндө өзгөртүүлөр Товардык белгилердин реестрине киргизилген датадан тартып бир айдын ичинде расмий бюллетенге жарыяланат.

2. Товардык белгиге күбөлүк берүү расмий бюллетенге товардык белги жарыяланган датадан тартып бир айдын ичинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт.

3. Күбөлүктүн формасы жана анда көрсөтүлүүчү маалыматтардын курамы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.

---

Мурунку берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112553/st-17)  
Кийинки берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112553/st-19)
