# 17-берене. Товардык белгилердин реестрине товардык белгини каттоо

- Документ: [Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112553)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 24-мартындагы № 70 "Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 70
- Кабыл алынган күнү: 24.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112553/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3318/edition/1242857/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112553/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө, 17-берене (24.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112553/st-17

---

1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган товардык белгини каттоо жөнүндө чечимдин негизинде жана өтүнмө ээси тарабынан каттоо, жарыялоо жана күбөлүктү берүү үчүн алым төлөнгөн шартта товардык белгини Товардык белгилердин реестрине каттоону жүргүзөт.

Товардык белгилердин реестрине товардык белгини каттоого тиешелүү маалыматтар, ошондой эле бул маалыматтардагы кийинки өзгөртүүлөр киргизилет.

2. Товардык белгилердин реестрине маалымат киргизүү тартиби жана киргизилүүчү маалыматтардын тизмеги ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.

3. Алым товардык белгини каттоо жөнүндө экспертизанын чечими өтүнмө ээсине жөнөтүлгөн датадан тартып үч айдын ичинде төлөнөт. Көрсөтүлгөн мөөнөттү өткөрүп жиберген учурда, кошумча алым төлөнгөн шартта, өтүнмө ээсине Товардык белгилердин реестрине товардык белгини каттоо үчүн алымды төлөөгө кошумча үч ай берилет.

4. Товардык белгини каттоо, жарыялоо жана ага күбөлүк берүү үчүн алымдын төлөнгөндүгүн ырастаган документ берилбегенде, товардык белгини каттоо жүргүзүлбөйт, тиешелүү өтүнмө артка чакырып алынды деп таанылат, ал жөнүндө өтүнмө ээсине ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан кабарланат.

---

Мурунку берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112553/st-16)  
Кийинки берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112553/st-18)
