# 16-берене. Өтүнмө боюнча чечимге даттануу жана өткөрүп жиберилген мөөнөттөрдү калыбына келтирүү

- Документ: [Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112553)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 24-мартындагы № 70 "Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 70
- Кабыл алынган күнү: 24.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112553/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3318/edition/1242857/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112553/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө, 16-берене (24.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112553/st-16

---

1. Өтүнмөдөгү белгиге экспертизанын каттоодон баш тартуу тууралуу чечими менен өтүнмө ээси макул болбогон учурда, чечим жөнөтүлгөн датадан тартып үч айдын ичинде алымды төлөө менен Апелляциялык кеңешке каршы пикир берүүгө укуктуу. Каршы пикир Апелляциялык кеңеш тарабынан анын келип түшкөн датасынан тартып үч айдын ичинде каралууга тийиш.

2. Апелляциялык кеңештин чечими аны алган датадан тартып үч айдын ичинде өтүнмө ээси тарабынан сотко даттанылышы мүмкүн.

3. Өтүнмө ээси экспертизанын чечиминде көрсөтүлгөн материалдар менен таанышууга укуктуу.

Өтүнмө боюнча чечимди өтүнмө ээси алгандан кийин бир айдын ичинде өтүнмө ээси бул материалдардын көчүрмөлөрүн сурап алса болот.

4. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган, өтүнмө ээси тарабынан өткөрүп жиберилген мөөнөт ал бүткөндөн кийин эки айдан кечиктирилбестен берилген өтүнмө ээсинин өтүнүч каты боюнча, кошумча алым төлөнгөн шартта, Апелляциялык кеңеш тарабынан калыбына келтирилиши мүмкүн.

---

Мурунку берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112553/st-15)  
Кийинки берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112553/st-17)
