# 15-берене. Өтүнмөдөгү белгилерге экспертиза жүргүзүү

- Документ: [Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112553)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 24-мартындагы № 70 "Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 70
- Кабыл алынган күнү: 24.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112553/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3318/edition/1242857/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112553/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө, 15-берене (24.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112553/st-15

---

1. Өтүнмөдөгү белгилерге экспертиза өтүнмө берилген датадан тартып жети айдын ичинде алдын ала экспертиза аяктагандан кийин жүргүзүлөт.

2. Экспертизанын жүрүшүндө өтүнмөдөгү белгилердин ушул Мыйзамдын 9 жана 10-беренелеринде белгиленген талаптарга ылайыктуулугу текшерилет жана ушул Мыйзамдын 12-беренесине ылайык товардык белгинин артыкчылыгы белгиленет.

Ушул Мыйзамдын 14-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык келип түшкөн каршы пикир өтүнмөдөгү белгилерге экспертиза жүргүзүүдө каралат.

3. Экспертизанын жүрүшүндө товардык белгини каттоодон баш тартуу жөнүндө алдын ала чечим (мындан ары - алдын ала баш тартуу) төмөнкүдөй учурда чыгарылат, эгерде:

1) товардык белгиге коргоо берилиши мүмкүн эмес болсо же суралган көлөмдөн аз берилиши мүмкүн болсо;

2) өтүнмөдөгү белгинин элементтеринин бөлүктөрү корголбогон деп таанылууга тийиш болсо.

Өтүнмө ээсине алдын ала баш тартуу жөнүндө тиешелүү кабар жөнөтүлөт.

4. Өтүнмө ээси алдын ала баш тартууга байланышкан өзүнүн далилдерин жана сын пикирлерин ага ушундай чечим жөнөтүлгөн датадан тартып үч айдын ичинде берүүгө укуктуу.

Мында белгиленген үч айлык мөөнөт аяктаганга чейин өтүнмө ээси алдын ала баш тартууга карата өзүнүн далилдерин жана пикирлерин берүү мөөнөтүн узартуу жөнүндө өтүнүч кат берүүгө укуктуу. Мындай учурда мөөнөт өтүнмө ээсинин өтүнүч катында көрсөтүлгөн, бирок он эки айдан ашпаган мөөнөткө, алым төлөнгөн шартта узартылат. Эгерде белгиленген мөөнөт ичинде далилдер жана пикирлер берилбесе, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган товардык белгини каттоодон баш тартуу жөнүндө акыркы чечимди чыгарат.

5. Ушул берененин 4-бөлүгүнүн биринчи абзацында каралган өтүнмө ээси тарабынан өткөрүп жиберилген мөөнөт, белгиленген алым төлөнгөн шартта, ал мөөнөт бүткөндөн кийин эки айдан кечиктирилбестен берилген өтүнмө ээсинин өтүнүч каты боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан калыбына келтирилет.

6. Өтүнмөдөгү белгиге экспертизанын жана ушул Мыйзамдын 14-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык келип түшкөн каршы пикирлерди жана алдын ала баш тартуу (бар болсо) менен байланыштуу далилдерди жана сын пикирлерди кароонун жыйынтыгы боюнча товардык белгини каттоо жөнүндө же болбосо аны каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим чыгарылат.

Товардык белгини каттоо жөнүндө же болбосо аны каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим ушул Мыйзамдын 6-беренесинде белгиленген тартипте жана мөөнөттө өтүнмө ээсине, башка кызыкдар жактарга жөнөтүлөт.

7. Эл аралык өтүнмөлөргө экспертизанын тартиби жана мөөнөттөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген тиешелүү эл аралык келишимдер жана аларга негизделген Министрлер Кабинетинин чечимдери менен белгиленет.

---

Мурунку берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112553/st-14)  
Кийинки берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112553/st-16)
