# 14-берене. Алдын ала экспертиза жүргүзүү

- Документ: [Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112553)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 24-мартындагы № 70 "Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 70
- Кабыл алынган күнү: 24.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112553/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3318/edition/1242857/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112553/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө, 14-берене (24.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112553/st-14

---

1. Өтүнмө берилген датадан тартып он жумуш күндүн ичинде алдын ала экспертиза жүргүзүлөт, анын жүрүшүндө өтүнмөнүн мазмуну ушул Мыйзамдын 7-6еренесинин 1-бөлүгүндө жана 11-беренесинде белгиленген талаптарга ылайык экендиги текшерилет.

Алдын ала экспертизанын жыйынтыгы боюнча өтүнмө кароого кабыл алынат же болбосо аны кароого кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө чечим чыгарылып, өтүнмө ээсине жөнөтүлөт.

2. Өтүнмөгө алдын ала экспертизанын оң жыйынтыгы жөнүндө чечим менен бир убакта өтүнмө ээсине ушул Мыйзамдын 11-беренесинин 7-бөлүгүнө ылайык белгиленген өтүнмөнүн берилген датасы жана өтүнмөнүн номери билдирилет.

3. Алдын ала экспертизанын оң жыйынтыгы жөнүндө чечим кабыл алынган учурда, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган товардык белгилерге берилген өтүнмөлөр жөнүндө маалыматтарды расмий сайтына жарыялайт. Маалыматтардын тизмеги жана аларды жарыялоонун тартиби ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.

4. Өтүнмө жарыяланган датадан тартып үч айдын ичинде кандай болбосун жак ушул Мыйзамдын 9 жана 10-беренелеринде белгиленген талаптарга өтүнмөдөгү белгинин ылайык эместиги жөнүндө далилдерди камтыган жазуу жүзүндөгү каршы пикирди берүүгө укуктуу.

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112553/st-13)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112553/st-15)
