# 13-берене. Товардык белгиге болгон өтүнмөгө экспертиза жүргүзүү

- Документ: [Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112553)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 24-мартындагы № 70 "Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 70
- Кабыл алынган күнү: 24.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112553/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3318/edition/1242857/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112553/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө, 13-берене (24.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112553/st-13

---

1. Өтүнмөгө экспертиза ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат жана алдын ала экспертизаны жана өтүнмө берилген белгиге экспертизаны камтыйт.

2. Экспертиза жүргүзүү мезгилинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өтүнмө ээсинен аларсыз экспертиза жүргүзүү мүмкүн болбогон кошумча жана/же тактоочу материалдарды суратып алууга укуктуу. Жетишпеген жана тактоочу материалдар өтүнмө ээси тарабынан суроо-талап жөнөтүлгөн датадан тартып үч айдын ичинде берилүүгө тийиш.

3. Суроо-талапка жооп берүү мөөнөтү аяктаганга чейин өтүнмө ээси суроо-талапка жооп берүүнүн мөөнөтүн узартуу жөнүндө өтүнүч кат берүүгө укуктуу, мында суроо-талапка жооп берүүнүн мөөнөтү, алым төлөнгөн шартта, өтүнмө ээсинин өтүнүч катында көрсөтүлгөн, бирок он эки айдан көп эмес мөөнөткө узартылат.

4. Ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган, өтүнмө ээси өткөрүп жиберген үч айлык мөөнөт өтүнмө ээсинин өткөрүп жиберген мөөнөт бүткөн күндөн тартып үч айдан кечиктирилбестен берген өтүнүч каты боюнча, белгиленген алым төлөнгөн шартта ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан калыбына келтирилет.

Өткөрүп жиберилген мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндө өтүнүч кат өтүнмө ээси тарабынан ушул берененин 2-бөлүгүнө ылайык суралган кошумча материалдар менен бир убакта жана өткөрүп жиберилген мөөнөттү калыбына келтирүү үчүн төлөмдү ырастаган документти тиркөө менен берилет.

5. Экспертиза жүргүзүлүп жаткан мезгилде ал боюнча чечим чыгарылганга чейин өтүнмө ээси алымды төлөгөн шартта өтүнмөнүн материалдарын толуктоого, тактоого же оңдоого укуктуу.

6. Эгерде кошумча материалдар өтүнмө берилген датага карата өтүнмөгө кирбеген товарларга көрсөтмөлөрдү камтыса же өтүнмө берилген белгини олуттуу өзгөртсө, анда алар кароого кабыл алынбайт.

7. Өтүнмө аны кароонун бардык этабында, бирок Товардык белгилердин реестрине товардык белги катталган датадан кечиктирилбестен өтүнмө ээсинин суранычы боюнча артка кайтарылышы мүмкүн.

8. Эгерде белгиленген мөөнөттө суралган тактоочу материалдар өтүнмө ээси тарабынан берилбесе, өтүнмө артка кайтарылды деп таанылат.

---

Мурунку берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112553/st-12)  
Кийинки берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112553/st-14)
