# 12-берене. Товардык белгинин артыкчылыгы

- Документ: [Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112553)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 24-мартындагы № 70 "Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 70
- Кабыл алынган күнү: 24.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112553/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3318/edition/1242857/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112553/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө, 12-берене (24.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112553/st-12

---

1. Товардык белгинин артыкчылыгы ушул Мыйзамдын 11-беренесинин талаптарына жооп берген өтүнмө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилген дата боюнча белгиленет.

Эгерде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өтүнмө берүү көрсөтүлгөн датадан тартып алты айдын ичинде жүзөгө ашырылса, товардык белгинин артыкчылыгы Париж конвенциясына (конвенциялык артыкчылык) катышкан мамлекетке биринчи өтүнмө берилген дата боюнча белгиленет. Биринчи өтүнмө берилген күн бул мөөнөттү эсептөөгө киргизилбейт. Эгерде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга товардык белгиге өтүнмө берүү көрсөтүлгөн датадан тартып алты айдын ичинде жүзөгө ашырылса, Париж конвенциясына катышкан мамлекеттердин биринин аймагында уюштурулган расмий же расмий түрдө таанылган эл аралык көргөзмөлөрдүн экспонаттарына коюлган товардык белгинин артыкчылыгы көргөзмөдөгү экспонатты ачык көрсөтүү (көргөзмөлүк артыкчылык) башталган дата боюнча белгилениши мүмкүн.

2. Конвенциялык же көргөзмөлүк артыкчылык укуктарын пайдаланууну каалаган өтүнмө ээси муну товардык белгиге өтүнмө бергенде же ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өтүнмө берилген датадан тартып эки айдын ичинде көрсөтүүгө жана мындай талаптын укук ченемдүүлүгүн ырастоочу зарыл документтерди тиркөөгө, же болбосо ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өтүнмө берилген датадан тартып эки айдан кечиктирилбестен бул документтерди берүүгө милдеттүү.

3. Товардык белгинин артыкчылыгы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык товардык белгини эл аралык каттоо датасы боюнча белгилениши мүмкүн.

4. Белгиленген өтүнмө боюнча товардык белгинин артыкчылыгы баштапкы өтүнмөнүн товардык белгисинин артыкчылык датасы боюнча белгиленет.

5. Товардык белгиге берилген өтунмөдө көрсөтүлгөн түрдүү товарларга карата бир белгиге Париж конвенциясына катышкан мамлекеттерде берилген товардык белгилерге бул өтүнмө ээсинин бир нече өтүнмөсү бар болсо, өтүнмө берилген товарларга карата товардык белгинин көп жактуу артыкчылыгы белгиленет.

6. Эгерде экспертиза процессинде бир эле күндө аларды чаташтырган деңгээлге чейин окшош товардык белгилерге же бирдей болгон товардык белгилерге өтүнмө ар башка өтунмө ээлеринен берилгени аныкталса, анда күбөлүк катталган кириш номери жана/же келип түшкөн убактысы мурдараак болгон өтүнмө боюнча берилет.

---

Мурунку берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112553/st-11)  
Кийинки берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112553/st-13)
