Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
12-берене. Товардык белгинин артыкчылыгы
Күчүндө · 24.03.2023 редакциясы · 3-глава
1. Товардык белгинин артыкчылыгы ушул Мыйзамдын 11-беренесинин талаптарына жооп берген өтүнмө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилген дата боюнча белгиленет.
Эгерде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өтүнмө берүү көрсөтүлгөн датадан тартып алты айдын ичинде жүзөгө ашырылса, товардык белгинин артыкчылыгы Париж конвенциясына (конвенциялык артыкчылык) катышкан мамлекетке биринчи өтүнмө берилген дата боюнча белгиленет. Биринчи өтүнмө берилген күн бул мөөнөттү эсептөөгө киргизилбейт. Эгерде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга товардык белгиге өтүнмө берүү көрсөтүлгөн датадан тартып алты айдын ичинде жүзөгө ашырылса, Париж конвенциясына катышкан мамлекеттердин биринин аймагында уюштурулган расмий же расмий түрдө таанылган эл аралык көргөзмөлөрдүн экспонаттарына коюлган товардык белгинин артыкчылыгы көргөзмөдөгү экспонатты ачык көрсөтүү (көргөзмөлүк артыкчылык) башталган дата боюнча белгилениши мүмкүн.
2. Конвенциялык же көргөзмөлүк артыкчылык укуктарын пайдаланууну каалаган өтүнмө ээси муну товардык белгиге өтүнмө бергенде же ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өтүнмө берилген датадан тартып эки айдын ичинде көрсөтүүгө жана мындай талаптын укук ченемдүүлүгүн ырастоочу зарыл документтерди тиркөөгө, же болбосо ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өтүнмө берилген датадан тартып эки айдан кечиктирилбестен бул документтерди берүүгө милдеттүү.
3. Товардык белгинин артыкчылыгы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык товардык белгини эл аралык каттоо датасы боюнча белгилениши мүмкүн.
4. Белгиленген өтүнмө боюнча товардык белгинин артыкчылыгы баштапкы өтүнмөнүн товардык белгисинин артыкчылык датасы боюнча белгиленет.
5. Товардык белгиге берилген өтунмөдө көрсөтүлгөн түрдүү товарларга карата бир белгиге Париж конвенциясына катышкан мамлекеттерде берилген товардык белгилерге бул өтүнмө ээсинин бир нече өтүнмөсү бар болсо, өтүнмө берилген товарларга карата товардык белгинин көп жактуу артыкчылыгы белгиленет.
6. Эгерде экспертиза процессинде бир эле күндө аларды чаташтырган деңгээлге чейин окшош товардык белгилерге же бирдей болгон товардык белгилерге өтүнмө ар башка өтунмө ээлеринен берилгени аныкталса, анда күбөлүк катталган кириш номери жана/же келип түшкөн убактысы мурдараак болгон өтүнмө боюнча берилет.
Берененин тексти 24.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112553/st-12" title="12-берене - Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>