# 11-берене. Товардык белгини каттоого өтүнмө

- Документ: [Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112553)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 24-мартындагы № 70 "Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 70
- Кабыл алынган күнү: 24.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112553/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3318/edition/1242857/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112553/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө, 11-берене (24.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112553/st-11

---

1. Товардык белгини каттоого өтүнмө юридикалык же жеке жак (мындан ары - өтүнмө ээси) тарабынан ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилет.

2. Өтүнмө электрондук форматта же кагаз жүзүндө берилет.

3. Өтүнмө бир товардык белгиге тиешелүү болушу керек.

4. Өтүнмө төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:

1) өтүнмө ээсин, ошондой эле анын турган жерин же жашаган жерин жана электрондук почтасынын дарегин көрсөтүү менен белгилөөнү товардык белги катары каттоо жөнүндө өтүнмөнү;

2) өтүнмөдөгү белгини;

3) Товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн эл аралык классификациясынын класстары боюнча топтоштурулган, алар үчүн товардык белгини каттоо суралып жаткан товарлардын тизмегин.

5. Өтүнмөгө төмөнкүлөр тиркелүүгө тийиш:

1) белгиленген өлчөмдө алымдын төлөнгөндүгүн ырастоочу документ;

2) өтүнмө берилген белгинин сыпаттамасы;

3) эгерде өтүнмө жамааттык белгиге берилсе, жамааттык белгинин уставы;

4) эгерде өтүнмө өкүл же патенттик ишенимдүү өкүл тарабынан берилсе, ишеним кат.

6. Өтүнмөгө электрондук формада өтүнмө берилген белгинин үч өлчөмдүү сүрөтү тиркелиши мүмкүн.

7. Ушул берененин 5-бөлүгүндө каралган документтердин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга келип түшкөн датасы өтүнмө берилген дата деп эсептелет, ал эми эгерде аталган документтер бир убакта берилбесе, анда өтүнмө берилген дата документтердин ичинен акыркысынын келип түшкөн датасы боюнча белгиленет.

8. Өтүнмө жана өтүнмөгө тиркелген документтер мамлекеттик же расмий тилде берилет. Эгерде өтүнмө чет тилде берилсе, анда ага мамлекеттик же расмий тилдеги котормосу тиркелиши керек.

9. Өтүнмөгө жана өтүнмөгө тиркелген документтерге талаптар, аларды сунуштоонун жана кароонун тартиби Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

---

Мурунку берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112553/st-10)  
Кийинки берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112553/st-12)
