# 1-берене. Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө мыйзамдар

- Документ: [Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112553)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 24-мартындагы № 70 "Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 70
- Кабыл алынган күнү: 24.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112553/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3318/edition/1242857/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112553/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө, 1-берене (24.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112553/st-1

---

1. Ушул Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине ылайык, Кыргыз Республикасында товардык белгилерди, тейлөө белгилерин, географиялык көрсөтмөлөрдү жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштарын мамлекеттик каттоого, укуктук коргоого жана пайдаланууга байланыштуу келип чыккан укуктук, экономикалык жана уюштуруучулук мамилелер жөнгө салынат.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн мамилелер ошондой эле бажы, кылмыш-жаза мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдары жана Кыргыз Республикасынын атаандаштык жөнүндө мыйзамдары менен жөнгө салынат.

3. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимде ушул Мыйзамда камтылгандардан башка эрежелер белгиленсе, анда эл аралык келишимдин эрежелери колдонулат.

4. Ушул Мыйзамдын негизинде жана аны аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (мындан ары - Министрлер Кабинети), ошондой эле интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ченемдик укуктук актылары кабыл алынышы мүмкүн.

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112553/st-2)
