# 7-берене

- Документ: [Интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112551)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 23-мартындагы № 68 "Интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 68
- Кабыл алынган күнү: 23.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112551/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3316/edition/1250745/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112551/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 7-берене (23.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112551/st-7

---

"Салттуу билимдерди коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., № 7-9, 685-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 2-глава төмөнкүдөй мазмундагы 41-статья менен толукталсын:

"41-статья. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) салттуу билимдер жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашырат. Ушул Мыйзамга ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган салттуу билимдерди каттоого өтүнмөлөрдү кабыл алат, мамлекеттик каттоону жүзөгө ашырат, каттоо жөнүндө маалыматтарды мамлекеттик реестрге киргизет, салттуу билимдер боюнча маалыматтар базасын түзөт, салттуу билимдер жөнүндө маалыматтарды жарыялайт.";

2) 7-статьянын алтынчы бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

3) 9-статьяда:

а) бешинчи бөлүктө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) статья төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы бөлүк менен толукталсын:

"Өтүнмө жана ага тиркелүүчү документтер ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жеке өзү же болбосо почта байланышынын уюму же өтүнмөлөрдү электрондук түрдө берүү тутуму аркылуу берилиши мүмкүн. Өтүнмөгө тиркелүүчү документтерге талаптар жана аларды берүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.";

4) 11-статьяда:

а) экинчи жана үчүнчү бөлүктөрдө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) алтынчы бөлүктө "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөр "ыйгарым укуктуу орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;

5) 17-статьянын жетинчи бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын.

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112551/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112551/st-8)
