7-берене
Күчүндө · 23.03.2023 редакциясы
"Салттуу билимдерди коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., № 7-9, 685-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-глава төмөнкүдөй мазмундагы 41-статья менен толукталсын:
"41-статья. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) салттуу билимдер жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашырат. Ушул Мыйзамга ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган салттуу билимдерди каттоого өтүнмөлөрдү кабыл алат, мамлекеттик каттоону жүзөгө ашырат, каттоо жөнүндө маалыматтарды мамлекеттик реестрге киргизет, салттуу билимдер боюнча маалыматтар базасын түзөт, салттуу билимдер жөнүндө маалыматтарды жарыялайт.";
2) 7-статьянын алтынчы бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 9-статьяда:
а) бешинчи бөлүктө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) статья төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы бөлүк менен толукталсын:
"Өтүнмө жана ага тиркелүүчү документтер ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жеке өзү же болбосо почта байланышынын уюму же өтүнмөлөрдү электрондук түрдө берүү тутуму аркылуу берилиши мүмкүн. Өтүнмөгө тиркелүүчү документтерге талаптар жана аларды берүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.";
4) 11-статьяда:
а) экинчи жана үчүнчү бөлүктөрдө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) алтынчы бөлүктө "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөр "ыйгарым укуктуу орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) 17-статьянын жетинчи бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын.
Берененин тексти 23.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
7-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Салттуу билимдерди коргоо жөнүндөЗакон · 31.07.2007 · № 116
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112551/st-7" title="7-берене - Интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>