# 4-берене

- Документ: [Интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112551)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 23-мартындагы № 68 "Интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 68
- Кабыл алынган күнү: 23.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112551/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3316/edition/1250745/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112551/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 4-берене (23.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112551/st-4

---

"Кызматтык ойлоп табуулар, пайдалуу моделдер, өнөр жай үлгүлөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 12, 542-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 7-статьянын 2-пунктунда:

а) биринчи абзацта "(мындан ары - Кыргызпатент)" деген сөздөр алып салынсын;

б) экинчи абзацта "Кыргызпатентке" деген сөз "интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга" деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) 8-статьяда:

а) 2 жана 6-пункттарда "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген төлөө жүзөгө ашырылган күнгө карата эмгек акынын он минималдык өлчөмүнөн кем болбоого тийиш" жана "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген төлөө жүзөгө ашырылган күнгө карата эмгек акынын жыйырма минималдык өлчөмүнөн кем эмести түзөт" деген сөздөр "кызматтык ойлоп табуунун, пайдалуу моделдин, өнөр жай үлгүсүнүн авторунун жана жалдоочунун ортосундагы эмгек келишиминде белгиленген эмгек акынын ондон кем эмес өлчөмүн түзөт" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) 7-пунктта "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген төлөө жүзөгө ашырылган күнгө карата эмгек акынын жыйырма минималдык өлчөмүнөн кем эмести" деген сөздөр "кызматтык ойлоп табуунун, пайдалуу моделдин, өнөр жай үлгүсүнүн авторунун жана жалдоочунун ортосундагы эмгек келишиминде белгиленген эмгек акынын жыйырмадан кем эмес ар айлык өлчөмүн" деген сөздөргө алмаштырылсын.

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112551/st-3)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112551/st-5)
