# 3-берене

- Документ: [Интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112551)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 23-мартындагы № 68 "Интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 68
- Кабыл алынган күнү: 23.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112551/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3316/edition/1250745/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112551/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 3-берене (23.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112551/st-3

---

"Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 10, 375-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 3-статьяда:

а) "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) үчүнчү бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ушул Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасында селекциялык жетишкендиктерди коргоо жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашырат, каттоого өтүнмөлөрдү кароого кабыл алат, алар боюнча алдын ала экспертиза жүргүзөт, аларды мамлекеттик каттоону жүзөгө ашырат, патенттерди берет, расмий маалыматтарды жарыялайт, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү өзүнүн жобосуна ылайык башка функцияларды аткарат.";

2) 5-статьянын төртүнчү бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

3) 7-статьяда:

а) биринчи бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү сүйлөм менен толукталсын: "Өтүнмө жана ага тиркелүүчү документтер интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жеке өзү же почта байланышынын уюму же болбосо өтүнмөлөрдү электрондук түрдө берүү тутуму аркылуу берилиши мүмкүн.";

б) үчүнчү бөлүктө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

4) 12-статьянын биринчи бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

5) 14-статьяда:

а) биринчи бөлүктө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) статья төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи жана алтынчы бөлүктөр менен толукталсын:

"Селекциялык жетишкендиктерге айырмалуулукка, бир түрдүүлүккө жана туруктуулукка карата жүргүзүлгөн сыноонун негизинде алардын коргоого жөндөмдүүлүгү жөнүндө корутунду чыгарылат. Өтүнмө ээси сураган укуктук коргоонун көлөмүндө билдирилген селекциялык жетишкендиктердин селекциялык жетишкендикти коргоо жөндөмдүүлүгүнүн шарттарына шайкеш келбегени белгиленген учурда, патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынат.";

6) 16-статьянын үчүнчү бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

7) 34-статьянын экинчи бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

8) 35-статьянын биринчи бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

9) 41-статьянын 2-бөлүгүндө "Өкмөтүнө" деген сөз "Министрлер Кабинетине" деген сөздөргө алмаштырылсын.

---

Мурунку берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112551/st-2)  
Кийинки берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112551/st-4)
