# 1117-статья. Географиялык көрсөтмөнү же товар чыгарылган жердин аталышын укуксуз пайдалангандыгы үчүн жоопкерчилик

- Документ: [Интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112551)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 23-мартындагы № 68 "Интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 68
- Кабыл алынган күнү: 23.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112551/st-1117>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3316/edition/1250745/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112551/st-1117.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 1117-статья (23.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112551/st-1117

---

1. Географиялык көрсөтмөнү же товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугуна ээ болгон жак, ошондой эле керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча уюмдар бул географиялык көрсөмөнү же товар чыгарылган жердин аталышын мыйзамсыз пайдаланган жактан аны пайдаланууну токтотууну, товардан, анын таңгагынан, бланктарынан жана ушул сыяктуу документтерден мыйзамсыз пайдаланылган көрсөтмөнү же аталышты, аны менен чаташтыруу деңгээлине чейин окшош болгон белгини алып салууну, көрсөтмөнүн, аталыштын же аны менен чаташтыруу деңгээлине чейин окшош болгон белгинин даярдалган сүрөттөрүн жок кылууну, ал эми бул мүмкүн болбосо - товарды жана (же) таңгакты алып салууну жана жок кылууну талап кыла алат.

2. Географиялык көрсөтмөнү же товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугуна ээ болгон жак бул укукту бузуучудан келтирилген чыгымдардын ордун толтурууну талап кылууга укуктуу.

3. Географиялык көрсөтмөнү же товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугуна ээ болгон жак укук бузууну токтотуу же келтирилген чыгымдарды же болбосо мыйзамдарда белгиленген компенсацияны өндүрүп алуу жөнүндө талаптардан тышкары, ишкер беделин калыбына келтирүү максатында соттун чечимин жарыялоону талап кылууга укуктуу.".

---

Мурунку берене: [1116-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/112551/st-1116)  
Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112551/st-2)
