1117-статья. Географиялык көрсөтмөнү же товар чыгарылган жердин аталышын укуксуз пайдалангандыгы үчүн жоопкерчилик
Күчүндө · 23.03.2023 редакциясы
1. Географиялык көрсөтмөнү же товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугуна ээ болгон жак, ошондой эле керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча уюмдар бул географиялык көрсөмөнү же товар чыгарылган жердин аталышын мыйзамсыз пайдаланган жактан аны пайдаланууну токтотууну, товардан, анын таңгагынан, бланктарынан жана ушул сыяктуу документтерден мыйзамсыз пайдаланылган көрсөтмөнү же аталышты, аны менен чаташтыруу деңгээлине чейин окшош болгон белгини алып салууну, көрсөтмөнүн, аталыштын же аны менен чаташтыруу деңгээлине чейин окшош болгон белгинин даярдалган сүрөттөрүн жок кылууну, ал эми бул мүмкүн болбосо - товарды жана (же) таңгакты алып салууну жана жок кылууну талап кыла алат.
2. Географиялык көрсөтмөнү же товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугуна ээ болгон жак бул укукту бузуучудан келтирилген чыгымдардын ордун толтурууну талап кылууга укуктуу.
3. Географиялык көрсөтмөнү же товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугуна ээ болгон жак укук бузууну токтотуу же келтирилген чыгымдарды же болбосо мыйзамдарда белгиленген компенсацияны өндүрүп алуу жөнүндө талаптардан тышкары, ишкер беделин калыбына келтирүү максатында соттун чечимин жарыялоону талап кылууга укуктуу.".
Берененин тексти 23.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1117-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112551/st-1117" title="1117-статья - Интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>