# 1115-статья. Географиялык көрсөтмөнү же товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугу

- Документ: [Интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112551)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 23-мартындагы № 68 "Интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 68
- Кабыл алынган күнү: 23.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112551/st-1115>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3316/edition/1250745/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112551/st-1115.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 1115-статья (23.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112551/st-1115

---

1. Географиялык көрсөтмөнү же товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугуна ээ болгон жак ошол товардын граждандык жүгүртүүгө киргизилишине байланыштуу бул белгилерди товарда, таңгакта, эсептерде, жарнамада, проспекттерде жайгаштырууга жана аны башкача түрдө пайдаланууга укуктуу.

2. Географиялык көрсөтмө же товар чыгарылган жердин аталышы ушул Кодекстин 1114-статьясынын 2 жана 3-пункттарында көрсөтүлгөн талаптарга жооп берген товарды белгилөө үчүн бир нече жактар тарабынан биргелешип, ошондой эле бири-бирине көз карандысыз да каттоодон өткөрүлүшү мүмкүн. Географиялык көрсөтмөнү же товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугу мындай жактардын ар бирине таандык болот.

3. Географиялык көрсөтмөнү же товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугунан ажыратууга, аны өткөрүп берүү жөнүндө башка бүтүмдөргө жана лицензиянын негизинде аны пайдаланууга укук берүүгө жол берилбейт.";

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112551/st-1)  
Кийинки берене: [1116-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/112551/st-1116)
