1-берене
Күчүндө · 23.03.2023 редакциясы
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин II бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 6, 226-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 867-статьянын 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Интеллектуалдык менчик жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык корголуучу объектти пайдаланууга комплекстүү ишкердик лицензиянын келишими интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда катталууга тийиш. Бул талап сакталбаган учурда келишим жараксыз деп эсептелет. Ушул талап лицензиясы мыйзамдарга ылайык милдеттүү түрдө катталууга тийиш болгон интеллектуалдык менчик объекттерине жайылтылат.";
2) 1037-статьянын 2-пункту төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"географиялык көрсөтмөлөр;";
3) 1038-статья "каралган учурларда жана тартипте" деген сөздөрдөн кийин "интеллектуалдык менчик жаатындагы" деген сөздөр менен толукталсын;
4) 1088-статьянын 2-пунктунда "Алууга укук пайда боло турган ойлоп табууга, пайдалуу моделге, өнөр жай үлгүсүнө карата коюлуучу талаптар, аны патенттик бюро тарабынан берүүнүн" деген сөздөр "Патент алуу укугу пайда болгон ойлоп табууга, пайдалуу моделге, өнөр жай үлгүсүнө карата коюлуучу талаптар, аны берүүнүн жана укуктук коргоонун токтотулушунун" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) 1094, 1095-статьяларда "патенттик ведомстводо" деген сөздөр "интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда" деген сөздөргө алмаштырылсын;
6) 1108-статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:
"3. Товардык белгиге (тейлөө белгисине) укуктук коргоону берүү жана токтотуу тартиби мыйзам менен белгиленет.";
7) 1111-статьяда:
а) 1-пункт "башка адамга" деген сөздөрдөн кийин "ээликтен ажыратуу же лицензия берүү жолу менен" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 2-пунктта "патенттик ведомстводо" деген сөздөр "интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда" деген сөздөргө алмаштырылсын;
8) 1112-статьянын биринчи бөлүгүндө "патенттик ведомстводо" деген сөздөр "интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда" деген сөздөргө алмаштырылсын;
9) 1113-статьянын биринчи бөлүгү "чыгымдардын ордун толтурууга" деген сөздөрдөн кийин "же мыйзамдарда белгиленген компенсацияны төлөөгө" деген сөздөр менен толукталсын;
10) 59-главанын 3-параграфынын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "§ 3. Географиялык көрсөтмө же товар чыгарылган жердин аталышы";
11) 1114-1117-статьялар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1114-статья. Географиялык көрсөтмөнү жана товар чыгарылган жердин аталышын укуктук коргоо
1. Географиялык көрсөтмөнү же товар чыгарылган жердин аталышын укуктук коргоо аны каттоонун негизинде берилет.
2. Товардын келип чыккан өлкөсүнүн, регионунун же жайгашкан жеринин аймагын, аныкталган сапатын, беделин жана анын географиялык келип чыгышы менен олуттуу деңгээлде байланышкан башка мүнөздөмөлөрүн идентификациялоочу белги ага укуктук коргоо берилүүчү географиялык көрсөтмө болуп саналат. Бул географиялык объекттин аймагында товардын мүнөздөмөлөрүн түзүүдө олуттуу таасирин тийгизүүчү товарды өндүрүү баскычтарынын жок дегенде бири жүзөгө ашырылууга тийиш.
3. Өлкөнүн, шаардык же айылдык калктуу конуштун, жердин же мындай аталышты же мындай аталыштын туундусун камтыган башка географиялык объекттин азыркы же тарыхый, расмий же расмий эмес, толук же кыскартылган аталышын туюндурган жана өзгөчө касиеттери ошол географиялык объект үчүн мүнөздүү болгон жаратылыш шарттары жана (же) адамдык факторлор менен гана аныкталуучу товарга карата аны пайдалануунун натыйжасында белгилүү болгон белги ага укуктук коргоо берилүүчү товардын чыгарылган жеринин аталышы болуп саналат. Бул географиялык объекттин аймагында товардын өзгөчө касиеттерин түзүүдө олуттуу таасирин тийгизүүчү товарды өндүрүүнүн бардык баскычтары жүзөгө ашырылууга тийиш.
4. Географиялык көрсөтмөнү же товар чыгарылган жердин аталышын каттоо интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт.
5. Каттоонун негизинде географиялык көрсөтмөнү же товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугу жөнүндө күбөлүк берилет.
6. Каттоо, күбөлүктөрдү берүү, пайдалануу, каттоону жана күбөлүктөрдү жараксыз деп таануу жана колдонулушун токтотуу тартиби жана шарттары мыйзам менен аныкталат.
Берененин тексти 23.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- КР Граждандык Кодекси II бөлүгүКодекс · 05.01.1998 · № 1
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112551/st-1" title="1-берене - Интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>