# 8-берене. Инновациялык иш жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги багыттары

- Документ: [Инновациялык иш жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112546)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 23-мартындагы № 65 "Инновациялык иш жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 65
- Кабыл алынган күнү: 23.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112546/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112546/edition/1245133/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112546/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Инновациялык иш жөнүндө, 8-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112546/st-8

---

Инновациялык иш жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги багыттарына төмөнкүлөр кирет:

1) инновациялык ишти ченемдик жана укуктук камсыз кылуу;

2) инновациялар экотутумунун иштөөсүн болжолдоонун жана ага баа берүүнүн негизинде инновациялык иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо;

3) мамлекеттик, тармактык жана аймактык инновациялык программаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;

4) инновациялык ишти мамлекеттик колдоону камсыз кылуу жана инновациялык иштин субъекттерине дем берүү;

5) инновациялык долбоорлорду ишке ашырууга банктардын, донорлордун, башка финансылык түзүмдөрдүн жана жеке инвесторлордун каражаттарын тартуу;

6) инновациялык иш чөйрөсүндөгү кадрларды даярдоону, кайра даярдоону жана квалификациясын жогорулатууну уюштуруу;

7) инновациялык ишти жүзөгө ашыруу үчүн инфратүзүмдү түзүүгө көмөктөшүү;

8) ата мекендик жаңычылдардын продукциялардын жана кызматтарды көрсөтүүнүн эл аралык рынокторуна чыгуусу үчүн шарттарды түзүү.

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112546/st-7)  
Кийинки берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112546/st-9)
