# 4-берене. Инновациялык иштин субъекттери

- Документ: [Инновациялык иш жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112546)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 23-мартындагы № 65 "Инновациялык иш жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 65
- Кабыл алынган күнү: 23.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112546/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112546/edition/1245133/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112546/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Инновациялык иш жөнүндө, 4-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112546/st-4

---

1. Инновациялык иштин субъекттери болуп төмөнкүлөр саналат:

1) жеке жактар - инновациялык ишти жүзөгө ашыруучу Кыргыз Республикасынын жарандары, жарандыгы жок жактар жана чет өлкөлүк жарандар;

2) юридикалык жактар - инновациялык ишти жүзөгө ашыруучу ар кандай уюштуруу-укуктук формаларындагы жана менчик формаларындагы ата мекендик жана чет өлкөлүк уюмдар;

3) инновациялык иште ишке ашырылуучу жана пайдаланылуучу интеллектуалдык менчик объекттерине болгон өзгөчө укуктардын ээлери;

4) инновациялык иште инвестицияларды жүзөгө ашыруучу инвесторлор;

5) инновациялык инфратүзүмдүн субъекттери - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте инновациялык инфратүзүмдүн субъекттери болуп таанылган технопарктар, инновациялык борборлор, инновациялык кластерлер, бизнес-инкубаторлор, технологиялар трансферинин борборлору, венчурдук фонддор, инновациялык фонддор жана башка уюмдар;

6) инновациялык ишти координациялоого жана жөнгө салууга катышуучу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары.

2. Жеке жана юридикалык жактар ушул ишти жүзөгө ашыруу мезгилинде инновациялык иштин субъекттери болуп саналат.

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112546/st-3)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112546/st-5)
