# 23-берене. Инновациялык иш жаатындагы эл аралык кызматташуу

- Документ: [Инновациялык иш жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112546)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 23-мартындагы № 65 "Инновациялык иш жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 65
- Кабыл алынган күнү: 23.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112546/st-23>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112546/edition/1245133/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112546/st-23.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Инновациялык иш жөнүндө, 23-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112546/st-23

---

1. Инновациялык иш жаатындагы эл аралык кызматташуу ушул Мыйзамга, Кыргыз Республикасынын Президентинин актыларына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык жүзөгө ашырылат.

2. Мамлекет эл аралык инновациялык кызматташууну колдойт, зарыл болгон укуктук жана экономикалык шарттарды түзөт жана эгер ушул мамилелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбесе, инновациялык иштин субъекттери тарабынан эл аралык инновациялык борборлор менен эркин жана тең укуктуу мамилелерди жүргүзүүгө көмөктөшөт.

---

Мурунку берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112546/st-22)  
Кийинки берене: [24-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112546/st-24)
