# 22-берене. Инновациялык ишти маалыматтык камсыз кылуу

- Документ: [Инновациялык иш жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112546)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 23-мартындагы № 65 "Инновациялык иш жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 65
- Кабыл алынган күнү: 23.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112546/st-22>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112546/edition/1245133/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112546/st-22.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Инновациялык иш жөнүндө, 22-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112546/st-22

---

1. Инновациялык иш жаатындагы маалыматтык камсыз кылуу илимий-изилдөө уюмдарынын, билим берүү мекемелеринин жана башка инновациялык иштин субъекттеринин жана катышуучуларынын ортосунда маалымат алмашууну, ошондой эле инновациялык иш жаатындагы жетишкендиктерди даңазалоону карайт.

2. Инновациялык иш жаатындагы маалыматтык камсыз кылуу төмөнкүлөрдү камсыз кылат:

1) экономиканын бардык тармактарындагы жаңы киргизүүлөргө көз салуу жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине жана башка кызыкдар тараптарга чечимдерди кабыл алуу үчүн сунуштамаларды иштеп чыгуу;

2) инновациялык ишти өлкөдө жана дүйнөдө өнүктүрүү абалына жана тенденцияларына талдоо жүргүзүү;

3) инновациялык процесстерди башкарууну уюштуруу үчүн инновациялык ишке дайыма мониторинг жүргүзүү.

---

Мурунку берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112546/st-21)  
Кийинки берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112546/st-23)
