# 21-берене. Инновациялык ишти колдоо фонду, инновациялык фонд

- Документ: [Инновациялык иш жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112546)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 23-мартындагы № 65 "Инновациялык иш жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 65
- Кабыл алынган күнү: 23.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112546/st-21>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112546/edition/1245133/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112546/st-21.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Инновациялык иш жөнүндө, 21-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112546/st-21

---

1. Инновациялык ишти колдоо фонду инновациялык ишти финансылык камсыз кылуу максатында, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган ар түрдүү булактардан алынган каражаттардын эсебинен кошо каржылоо шартында түзүлөт.

2. Инновациялык фонд инновациялык долбоорлорду, стартап долбоорлорун каржылоо үчүн кайтарымдуу же акысыз негизде, ошондой эле алардын уставдарында белгиленген тартипте каражаттарды берет, инновациялык иштин субъекттеринин милдеттенмелери боюнча кепил болуучулардын функцияларын аткарат.

3. Инновациялык ишти мамлекеттик колдоо боюнча иш-чараларды каржылоо үчүн мамлекет тарабынан илимий-техникалык жана инновациялык ишти колдоо үчүн бөлүнүүчү каражаттардын, ошондой эле юридикалык жана жеке жактардын төгүмдөрүнүн эсебинен Мамлекеттик инновациялык фонд түзүлөт.

---

Мурунку берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112546/st-20)  
Кийинки берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112546/st-22)
