# 17-берене. Технологиялар трансферинин борбору

- Документ: [Инновациялык иш жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112546)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 23-мартындагы № 65 "Инновациялык иш жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 65
- Кабыл алынган күнү: 23.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112546/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112546/edition/1245133/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112546/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Инновациялык иш жөнүндө, 17-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112546/st-17

---

1. Технологиялар трансферинин борбору болуп технологияларды өткөрүп берүү жана интеллектуалдык иштин натыйжаларын коммерциялаштыруу функцияларын жүзөгө ашыруучу инновациялык инфратүзүмдүн субъекти саналат.

2. Технологиялар трансферинин борборунун ишинин негизги багыты технологиялар трансферин жүзөгө ашыруу болуп саналат, атап айтканда:

1) жаңылыктарды жарандык (чарбалык) жүгүртүүгө киргизүүнүн уюштуруу-техникалык мүмкүнчүлүктөрүн аныктоо боюнча рыноктун конъюнктурасына изилдөөлөрдү жүргүзүү;

2) жаңы идеялардын жана иштеп чыгуулардын маалыматтар базасын түзүү жана актуалдаштыруу;

3) интеллектуалдык иштин натыйжаларын укуктук коргоо жана сактоо боюнча кызматтарды көрсөтүү;

4) инновациялык долбоорлордун бизнес-пландарын даярдоо боюнча кызматтарды көрсөтүү;

5) инвестицияларды тартууга, инвесторлорду жана ишкер өнөктөштөрдү издөөгө көмөктөшүү;

6) технологиялар трансферине байланышкан маалыматты жайылтуу.

3. Технологиялар трансферинин борборун түзүү, кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112546/st-16)  
Кийинки берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112546/st-18)
