# 12-берене. Инновациялык долбоорлорду тандоо тартиби

- Документ: [Инновациялык иш жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112546)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 23-мартындагы № 65 "Инновациялык иш жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 65
- Кабыл алынган күнү: 23.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112546/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112546/edition/1245133/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112546/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Инновациялык иш жөнүндө, 12-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112546/st-12

---

1. Мамлекеттик, тармактык жана аймактык инновациялык программаларды ишке ашыруунун алкагында аткарылуучу инновациялык долбоорлорду тандоо тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

2. Эгерде мамлекеттик колдоого талапкер болгон инновациялык долбоор ушул Мыйзамдын 11-беренесинде белгиленген критерийлерге жооп бербесе, инновациялык иш жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган инновациялык иштин субъекти кайрылган күндөн тартып бир айлык мөөнөттө ага тиешелүү баш тартууну жөнөтөт.

3. Инновациялык ишти мамлекеттик колдоодон баш тартуу үчүн негиздемелерге төмөнкүлөр кирет:

1) мамлекеттик колдоого талапкер болгон инновациялык иштин субъектинин ишинин түрү ушул Мыйзамда аныкталган инновациялык иш түшүнүгүнө ылайык келбегендиги;

2) кароого киргизилген инновациялык долбоордун ушул Мыйзамдын 11-беренесинин критерийлерине ылайык келбегендиги;

3) инновациялык иштин субъектинин мурда насыя уюмдары тарабынан берилген насыялары боюнча карыздарынын болушу;

4) инновациялык иштин субъектинин республикалык бюджетке төлөмдөр боюнча мөөнөтү өткөн карыздарынын болушу.

---

Мурунку берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112546/st-11)  
Кийинки берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112546/st-13)
