# 10-берене. Инновациялык ишти мамлекеттик колдоо

- Документ: [Инновациялык иш жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112546)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 23-мартындагы № 65 "Инновациялык иш жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 65
- Кабыл алынган күнү: 23.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112546/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112546/edition/1245133/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112546/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Инновациялык иш жөнүндө, 10-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112546/st-10

---

1. Инновациялык ишти мамлекеттик колдоо мамлекеттик органдар тарабынан төмөнкүдөй жолдор менен жүзөгө ашырылат:

1) инновациялык ишти колдоо жаатындагы иш-чараларды камтуучу мамлекеттик программаларды иштеп чыгуу, ишке ашыруу жана каржылоо;

2) инновациялык иштин ченемдик жана укуктук базасын өркүндөтүү;

3) инновациялык жана венчурдук фонддорду түзүү, инновациялык иштин башка субъекттерин түзүүгө жана өнүктүрүүгө каражаттарды инвестициялоо, үлүштүк катышуу, анын ичинде чет элдик инвестицияларды тартуу менен, инновациялык процесстерди өнүктүрүү үчүн өтө олуттуу мааниге ээ болгон инновациялык иштин субъекттерин түзүү;

4) мамлекеттик жана муниципалдык муктаждыктарды камсыз кылуу максатында мамлекеттик программалардын алкагында инновациялык иштин натыйжасында түзүлгөн инновациялык продуктуну мамлекеттик сатып алууну уюштуруу;

5) жалпыга маалымдоо каражаттарында инновациялык ишти популяризациялоо жана инвестициялык жагымдуулукту жогорулатуу боюнча чараларды жүзөгө ашыруу;

6) инновациялык иш жаатындагы кадрларды даярдоого, кайра даярдоого жана квалификациясын жогорулатууга көмөктөшүү.

2. Инновациялык ишти мамлекеттик колдоо мамлекеттик органдар тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин актыларына ылайык башка формаларда жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

3. Инновациялык продуктуну өздөштүрүүнү жана жайылтууну мамлекеттик колдоо продукт инновациялык деп эсептеле турган белгиленген убакыт мезгилине көрсөтүлөт.

---

Мурунку берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112546/st-9)  
Кийинки берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112546/st-11)
