# 9-берене. Патенттин колдонуу мөөнөттөрү

- Документ: [Патент мыйзамы](https://aqlex.ai/kg/doc/112545)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 23-мартындагы № 69 "Патент мыйзамы" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 69
- Кабыл алынган күнү: 23.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112545/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3310/edition/1244679/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112545/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Патент мыйзамы, 9-берене (23.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112545/st-9

---

1. Ойлоп табууга патент ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өтүнмө берилген датадан тартып 20 жыл бою күчүндө болот.

2. Пайдалуу моделге патент ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өтүнмө берилген датадан тартып 10 жыл бою күчүндө болот.

3. Өнөр жай үлгүсүнө патент ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өтүнмө берилген датадан тартып 5 жыл бою күчүндө болот.

4. Өнөр жай үлгүсүнө патенттин колдонуу мөөнөтү патент ээсинин өтүнүчү боюнча, ар бир жолу 5 жылга узартылышы мүмкүн. Мында өнөр жай үлгүсүнө патентти колдонуунун жалпы мөөнөтү өнөр жай үлгүсүнө өтүнмө берилген датадан тартып 25 жылдан ашпашы керек. Өнөр жай үлгүсүнө патенттин колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө ээсинин өтүнүчү боюнча, кошумча алым төлөө шарты менен ага 6 айлык мөөнөт берилет.

Өнөр жай үлгүсүнө патенттин мөөнөтүн узартуу жөнүндө жазуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Өнөр жай үлгүлөрүнүн мамлекеттик реестрине киргизилет.

---

Мурунку берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112545/st-8)  
Кийинки берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112545/st-10)
