# 8-берене. Ойлоп табууларды, пайдалуу моделдерди жана өнөр жай үлгүлөрүн укуктук коргоо

- Документ: [Патент мыйзамы](https://aqlex.ai/kg/doc/112545)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 23-мартындагы № 69 "Патент мыйзамы" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 69
- Кабыл алынган күнү: 23.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112545/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3310/edition/1244679/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112545/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Патент мыйзамы, 8-берене (23.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112545/st-8

---

1. Ойлоп табууларга, пайдалуу моделдерге жана өнөр жай үлгүлөрүнө укуктар ушул Мыйзам менен жөнгө салынат жана патент ээсинин артыкчылыгын, авторлугун жана өзгөчө укугун тастыктоочу патент менен ырасталат.

2. Ойлоп табууга, пайдалуу моделге патент менен берилүүчү укуктук коргоонун көлөмү алардын формуласы менен аныкталат.

3. Өнөр жай үлгүсүнө патент менен берилүүчү укуктук коргоонун көлөмү буюмдун сүрөттөрүндө көрсөтүлгөн анын маанилүү белгилеринин жыйындысы менен аныкталат.

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112545/st-7)  
Кийинки берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112545/st-9)
