# 6-берене. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кабарламаларын, суроо-талаптарын жана чечимдерин жөнөтүүнүн тартиби жана мөөнөттөрү

- Документ: [Патент мыйзамы](https://aqlex.ai/kg/doc/112545)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 23-мартындагы № 69 "Патент мыйзамы" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 69
- Кабыл алынган күнү: 23.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112545/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3310/edition/1244679/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112545/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Патент мыйзамы, 6-берене (23.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112545/st-6

---

1. Ушул Мыйзам менен каралган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кабарламалары, суроо-талаптары, чечимдери өтүнмө ээсине, патент ээсине же башка кызыкдар жакка почта же электрондук почта же башка ыкма менен жөнөтүлөт.

2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кабарламаларын, суроо-талаптарын жана чечимдерин жөнөтүүнүн мөөнөтү ушундай чечим кабыл алынгандан кийин 3 жумуш күндөн ашпашы керек.

Өтүнмө ээси, патент ээси же башка кызыкдар жак кабарламаны, суроо-талапты жана чечимди ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан жеке өзү алса болот.

3. Почта же электрондук почта менен же өтүнмө ээси, патент ээси же башка кызыкдар жак көрсөткөн башкача жол менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жөнөткөн кандай болбосун кабарлама, суроо-талап жана чечим, жөнөтүлгөн датадан тартып тиешелүү түрдө жеткирилди деп эсептелет.

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112545/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112545/st-7)
