# 5-берене. Юридикалык маанилүү иш-аракеттердин мөөнөттөрүн эсептөө жана токтотуп туруу

- Документ: [Патент мыйзамы](https://aqlex.ai/kg/doc/112545)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 23-мартындагы № 69 "Патент мыйзамы" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 69
- Кабыл алынган күнү: 23.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112545/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3310/edition/1244679/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112545/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Патент мыйзамы, 5-берене (23.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112545/st-5

---

1. Ушул Мыйзам менен белгиленген юридикалык маанилүү иш-аракеттерди жасоонун мөөнөттөрү Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдары менен белгиленген мөөнөттөрдү эсептөөнүн эрежелерине ылайык эсептелет.

2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын юридикалык маанилүү иш-аракеттерди жасоонун ушул Мыйзам менен белгиленген мөөнөттөрү төмөнкүдөй учурларда токтотулуп турат:

1) эгер юридикалык маанилүү иш-аракеттерди жасоого өзгөчө абал (табигый кырсыктар, кыйроолор, ири авариялар, эпидемиялар) тоскоолдук кылса;

2) мындай документтерди бербөөнүн башка кесепеттери ушул Мыйзам менен белгиленген учурларды кошпогондо, өтүнмө ээсинен зарыл болгон документтерди, анын ичинде кабарламаларга жана суроо-талаптарга жоопторду, алымды төлөгөндүгүн тастыктоочу документтерди алганга чейин.

3. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жагдайлардын келип чыгышы жөнүндө өтүнмө ээсине, патент ээсине же башка кызыкдар жакка кабарлайт.

4. Мөөнөтүн токтотуп туруу тиешелүү кабарлама жөнөтүлгөн күндөн кийинки күндөн тартып башталат.

5. Мөөнөттүн жүрүшү, аны токтотуп туруу үчүн негиз болгон жагдай жокко чыгарылган күндөн тартып улантылат. Мөөнөттү улантуунун башталышы жөнүндө кабарлама ушул Мыйзамдын 6-беренесине ылайык өтүнмө ээсине, патент ээсине же башка кызыкдар жакка жөнөтүлөт.

6. Ушул Мыйзам менен каралган учурларда өтүнмө ээлери, укук ээлери же башка кызыкдар жактар тарабынан юридикалык маанилүү иш-аракеттерди жасоо үчүн мөөнөттөр калыбына келтирилиши мүмкүн.

Юридикалык маанилүү иш-аракеттерди жасоо үчүн мөөнөттү эсептөө алардын мөөнөтү калыбына келтирилген датадан тартып башталат.

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112545/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112545/st-6)
