# 45-берене. Ушул Мыйзамда каралган өтүнмөлөрдүн күчүнө ээ болгон эл аралык жана евразия өтүнмөлөрү

- Документ: [Патент мыйзамы](https://aqlex.ai/kg/doc/112545)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 23-мартындагы № 69 "Патент мыйзамы" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 69
- Кабыл алынган күнү: 23.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112545/st-45>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3310/edition/1244679/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112545/st-45.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Патент мыйзамы, 45-берене (23.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112545/st-45

---

1. Өтүнмө ээси Патенттик кооперация жөнүндө келишимге (РСТ) ылайык эл аралык өтүнмөнү же Евразия патенттик конвенциясына ылайык евразия өтүнмөсүн улуттук өтүнмөгө кайра өзгөртүп түзүүгө укуктуу.

Өтүнмө Патенттик кооперация жөнүндө келишимге (РСТ) жана Евразия конвенциясына ылайык берилген учурда ушул Мыйзамдын 26 жана 28-беренелерине ылайык белгиленген өтүнмөлөр күчкө ээ болот жана ушул беренеде белгиленген өзгөчөлүктөрү менен каралат.

2. Кыргыз Республикасы өтүнмө ээси ойлоп табууга же пайдалуу моделге патент алууга ниеттенген мамлекет катары көрсөтүлгөн, Патенттик кооперация жөнүндө келишимге (РСТ) ылайык берилген ойлоп табууга же пайдалуу моделге эл аралык өтүнмөнү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган эл аралык өтүнмөдөгү артыкчылык суралган датадан тартып 31 айдын ичинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ойлоп табууга же пайдалуу моделге патент берүүгө өтүнмөнү берген жана алымды төлөгөн шартта кароону баштайт. Өтүнмө ээсинин өтүнүч каты боюнча эл аралык өтүнмө ушул мөөнөт өтүп кеткенге чейин каралат.

3. Эгерде ушул берененин 2-бөлүгүндө аталган документтер белгиленген мөөнөттө берилбесе, Патенттик кооперация жөнүндө келишимге (РСТ) ылайык Кыргыз Республикасына карата эл аралык өтүнмөнү колдонуу токтотулат.

Өтүнмө ээсинин өтүнүч каты боюнча аталган документтерди берүүнүн өтүнмө ээси өткөрүп жиберген мөөнөтү алым төлөнгөн шартта ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан калыбына келтирилиши мүмкүн. Мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндө өтүнүч кат өтүнмө ээси тарабынан мөөнөт өткөн күндөн тартып эки айдан кечиктирилбестен берилет.

4. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Евразия конвенциясына ылайык ушул Мыйзам менен каралган ойлоп табууга же өнөр жай үлгүсүнө өтүнмөнүн күчүнө ээ болгон ойлоп табууга же өнөр жай үлгүсүнө евразия өтүнмөсүн ойлоп табууга же өнөр жай үлгүсүнө патент берүү жөнүндө арыз берген жана алымды төлөгөн шартта Евразия патенттик ведомствосунан евразия өтүнмөсүнүн күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн алган күндөн тартып карап баштайт.

5. Патенттик кооперация жөнүндө келишимге (РСТ) ылайык Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун Эл аралык бюросу тарабынан эл аралык өтүнмөнү орус тилинде жарыялоо же Евразия конвенциясына ылайык Евразия патенттик ведомствосу тарабынан евразия өтүнмөсүн жарыялоо ушул Мыйзамдын 32-беренесинде каралган өтүнмө жөнүндө маалыматтарды жарыялоону алмаштырат.

---

Мурунку берене: [44-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112545/st-44)  
Кийинки берене: [46-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112545/st-46)
