# 44-берене. Окшош ойлоп табууларга жана өнөр жай үлгүлөрүнө евразия патенти жана Кыргыз Республикасынын патенти

- Документ: [Патент мыйзамы](https://aqlex.ai/kg/doc/112545)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 23-мартындагы № 69 "Патент мыйзамы" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 69
- Кабыл алынган күнү: 23.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112545/st-44>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3310/edition/1244679/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112545/st-44.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Патент мыйзамы, 44-берене (23.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112545/st-44

---

1. Окшош ойлоп табууларга, өнөр жай үлгүлөрүнө же ар башка патент ээлерине таандык болгон, артыкчылыгы бир датадагы окшош ойлоп табууларга, пайдалуу моделдерге жана өнөр жай үлгүлөрүнө евразия патенти жана Кыргыз Республикасынын патенти бардык патент ээлеринин укуктарын сактоо менен гана колдонулушу мүмкүн.

2. Окшош ойлоп табууларга, өнөр жай үлгүлөрүнө же бир гана жакка тиешелүү, артыкчылыгы бир датадагы окшош ойлоп табууларга, пайдалуу моделдерге жана өнөр жай үлгүлөрүнө евразия патенти жана Кыргыз Республикасынын патенти лицензиялык келишимдин негизинде патент ээсинин уруксаты менен гана колдонулушу мүмкүн.

---

Мурунку берене: [43-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112545/st-43)  
Кийинки берене: [45-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112545/st-45)
